Кадимки тартипте иштеп жатабыз! Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылды

Аталган кызматка айдоочулар "автоунааны айып короодон чыгарам, айып пул төлөйт элем" деп көп кайрылып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматы майрам, дем алыш күндөрү да кадимки тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу аталган органдын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Ал элдин көбү нөөмөт бөлүмүнө же социалдык баракча аркылуу "автоунаабызды айып короодон чыгарыш керек, айып пул төлөш керек, иштеп жатасыздарбы" деп кайрылып жатканын белгилеген.
"Азыркы учурда кайгуул кызматы майрам, дем алыш күндөрү да кадимки графикте иш алып барууда. Айдоочулардын талаптары, жазган кайрылуу жана арыздары, автоунааны убактылуу токтотуучу жайдан чыгаруу жоболору жана башка бардык кызматтар иштеп жатат", — деген Айтикул уулу.
Белгилей кетсек, кыргызстандыктар 10-майга чейин эс алууда. Бирок милиция кызматкерлери май майрамдарына карата 30-апрелден тарта 10-майга чейин күчөтүлгөн тартипте иштээри айтылган.
Бишкекте 1-майдан 9-майга чейин өтө турган иш-чаралар. Тизме