Елена Караева
Европада тилектештик да россиялык-украиналык геосаясий каатчылыктын эки айында күн карама майынын кору түгөнгөн сыяктуу эле тез аяктады. Француздар стресске кабылып, чаалыкканын айтып наалый баштады.
Кырдаал курчуган маалда Украинадан кетүүгө камынгандарды кабыл алууга ашыккан өлкө жарандары эми баштарына үйүлгөн көйгөйлөрдөн улам түйшөлүп туру. "Фигаро" гезитинде жарыяланган макала качкындарды кабыл алуудан кийинки – жашоо стили, өзүн алып жүргөндөрү, тил жана чоочун маданиятка чейинки кыйынчылыктарды сүрөттөйт. Макалага беш жүздөн ашуун окурман пикирлерин жазган. Көпчүлүгү "болуп көрбөгөндөй берешендик жана тилектештикти" алкаганы менен качкындарга нанынан бөлүшүүнү чечкендер акыл калчабастан, жапырт пропагандадан улам сезимталдыкка алдыргандар экенин боолголоого болот. Ал эми макаланын өзүндөгү ток этер ой – "биз жакшы болсун дегенбиз, бирок колубуздан келбеди" деген нерсе болду.
Заматта ысык суу, дегеле ичер суу акысы асмандап кетти. Күнүмдүк эң зарыл нерселер да дароо бир нече эсе кымбаттады. Качкындарды кабыл алууга түрткөн сезимдерди күнү-түнү тынымсыз пропагандалык таасирге кабылган жалпы европалык коомдук пикир жараткан. Мээнин ар бир бырышына дейре таасир этишкен.
Башка европалыктар сыяктуу эле француздарга да саясатчылар, алардын колун караган медиа, анын жетекчилери ошондой эле амалды жасаган. Бул амал кезегинде миллиондогон сириялыктарды кабылдоодо да сыналган эле. Ата-энеси жай жашоону самап ашыгып, жолдо сууга чөгүп чарчаган Айлан Курдинин сүрөтүн да европалыктардын көңүлүн жибитүү үчүн аябай таратып, "Менин балам/ неберем/ жээнимдей эле кенедей бала", — деген элдин боору ооруганы ФРГ менен Франциянын жетекчилерине миллиондогон сириялыктарды кабыл алууга карата коомдук консенсуска жетүүгө көмөкчү болгон.
Кенедей баланын кейиштүү өлүмү бүгүнкү күндө да коомдук пикирди тескегендердин алдына программалык камсыздоо түзүү үчүн тийиштүү компоненттердин баарын сунган. Бүгүн ошол медиалык программалык камсыздоо каалаган пиар-кампаниянын "майын чыгарууда".
Айланадагы чыныгы көйгөйлөрдү көрө билбестик европалык континенттин тышкы саясатындагы соода маркасына айлангандай. Ошону менен бирге эле жоопкерчиликти дароо башка бирөөгө, анын ичинде европалык карапайым салык төлөөчүлөрдүн жонуна оодара салмайга кынык алышты. Бирок алардын да тилектештиги да, сабыры да түбөлүк эмес, үй-бүлөлүк бюджети да түгөнгүс эмес. Ошондуктан Марселде круиздик кемеде украиналыктарды укмуштуудай жана жомоктогудай тосуп алып жатышканын, аларга кандай кам көрүлүп (азырынча) жатканын маалымдоого болор жана алар үчүн зарыл чыгар.
Марселде бардык, эскилиги жеткен турак жай жагдайы да оор экени кабарланбаган сымал эле Украинадан келген 575 кишинин мындан аркы — алты аптадан соңку (Жер ортолук деңизге каттамдарды жандандырууга туура келгенде) тагдыры эмне болорун айтууга болбойт. Качкындарга каалгасын кең ачуу чечимин кабыл алган Бириккен Европадагылар акыл калчай билишеби деген соболго түртөт.