Манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткенин ырастады

Манасчы өзүнө карата ар тараптан басым жасалып, коркутуу-үркүтүүлөр болгонун айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Манас айылынын" айланасындагы чуудан улам үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти деген маалыматты Sputnik Кыргызстанга өзү ырастады.
Сыдыков өзүнө карата ар тараптан басым жасалып, коркутуу-үркүтүүлөр болгонун айтууда. Мындан улам, 3-май күнү "Манас айылы" этнографиялык комплексинин директору кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенин, бирок кысым ким тарабынан болуп жатканын ачык айта албастыгын билдирди.
"Үй-бүлөмдүн коопсуздугу керек. Коопсуздугум үчүн кайда кеткенимди айтпай эле турайын. Чет өлкөдө жүрсөм деле "Манасты" жайылта берем", — деди Сыдыков.
Белгилей кетсек, жаңы Ак үй салуу үчүн "Манас айылынын" 5 сотых жери алынып жатканы белгилүү болгон. Бирок аталган комплекстин жетекчиси Дөөлөт Сыдыков жер берүүгө каршы чыгып, пикирин ачык билдирген. Кийинчерээк президент Садыр Жапаровго "Манас айылын" реконструкциялоо долбоору көрсөтүлдү.
Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандагы таланттуу манасчылардын бири. Ал былтыркы жылдын ноябрь айында "Ала-Тоо" аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт "Манас" айткан. Филологдор анда Сыдыков Манастын бабаларынан тартып, кыргыздын Алтайдан Ала-Тоого көчө турган мезгилине чейин айтканын билдиришкен. Андан сырткары Сыдыков быйыл Москвада беш күн, беш түн улуу эпосту айткан эле.
Президентти тытып салмай болдук. Түлөбаев Ак үй салууну сындагандарга нааразы