БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ошто кондитердик азыктан уулангандардын сегизи ооруканада жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн вице-мэр бейтаптардын абалынан кабар алып, дарыгерлерге керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырган. Ошондой эле окуя иликтенгенден кийин мэрия мыйзам жүзүндө бардык чараларды көрө турганын айткан.
Оштогу ооруканаларга 1-майдан 3-майга чейин 40 киши кайрылган. Анын 21и 14 жашка чейинки балдар, 19у чоң киши.
"Учурда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын Балдардын жугуштуу оорулар стационарында сегиз бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын экөө Ош облусунун райондорунан, алтоо Ош шаарынан келген", — деп жазылган маалыматта.
Ош облустук санэпидкөзөмөл борборунун маалыматында, жарандар Кара-Суу районундагы кондитердик цехте жасалган таттуу токочтон ууланган. Цехтин ээсине айып пул салынып, иши токтотулган.