БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Оштун Ноокат районунда да таттуу токочтон уулангандар катталып, бир үй-бүлөнүн төрт баласы ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты Ноокаттагы район аралык ооруларды алдын алуу жана аймактагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Нурлан Орозалиев тастыктады.
Анын айтымында, балдар 2-май күнү апасы дүкөндөн сатып келген быштак кошулган токочту жегенден кийин өздөрүн жаман сезип, куса баштаган. Алар 5, 8, 9 жана 10 жашта.
Анализдин алгачкы жыйынтыгы чыгып, ич өткөк козгогучтары аныкталган.
Балдар таттуу токочтордон ууланган делинген кондитердик цехтин айрым азыктары Ноокат районундагы соода жайларынан сатыктан алынып, айып пул салынган. Учурда аталган аймактагы соода жайларында тамак-ашты сактоо эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Эске сала кетсек, буга чейин 1-май күнү Оштун Кара-Суу районундагы кондитердик цехте жасалган таттуу токочтон уулангандар каттала баштаган. Соңку маалыматтар боюнча, жалпы 40 киши жабыркаган, учурда сегиз бала Ош шаарындагы ооруканада жатат.