Sputnik Кыргызстан агенттиги архивдик ирмемдерди сунуштайт.
Кыргыз ССРинин борборуна жаңы аэропорт куруу демилгеси 1969-жылы көтөрүлүп, жергиликтүү бийлик Москвага каржылык колдоо сурап кайрылган. Себеби Фрунзедеги аэропортко келген жүргүнчүлөрдүн саны арбып, коопсуздук маселеси да курчуган.
СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Фрунзедеги жаңы аэропорттун курулушун 1972-жылы баштоо тууралуу токтом кабыл алган. Ал үчүн 800 гектар жер бөлүнүп, 600дөй жумушчуга ылайыкталган чакан кыштак, 1000 тонна цемент бата турган кампа даярдалып, кум-шагыл даярдоочу орнотмо, ээн талаага жол салынып, коммуникация тартылып, курулуш иштери 1973-жылы башталган. Күн сайын жумушка 150-200дөй жүк ташуучу унаа чыгып, алар жалпы 2,8 миллион куб метр топурак-ташты ташып, түздөп, 3 400 тонна арматура пайдаланып, 240 миң куб метрден ашык темир бетон жумшаган. Жыйынтыгында узундугу 4 200 метр, туурасы 60 метр жана калыңдыгы 40 сантиметр болгон учуп-конуу тилкесин, учактар ары-бери жүрчү жана токтоочу жайды 5,5 айда аяктаган.
Ошондой эле жаңы 30 чакырым узундуктагы автомагистраль салынып, ал жактагы автовокзал колдонууга берилип, жолду бойлой көчөт тигилген. Аба майдан 1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата ачылып, колдонууга берилген.
Тема боюнча: