Бишкекте "Георгий тасмасы" өнөктүгү башталды. Лентаны кайдан алууга болот

Акция Жеңиш күнүнө карата өткөрүлүп жатат. Лентаны 6-майга чейин алып кетүү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Жеңиш күнүнө карата Бишкектеги "Русский дом" уюму "Георгий тасмасы" өнөктүгү башталганын билдирди.
"Жеңиштин символун чагылдырган тасманы Бишкектеги Эркиндик бульвары, 2/1 (1-кабат) дарегинен алып кете аласыз", — деп айтылат маалыматта.
Тасмаларды 6-майда саат 17:30га чейин алып кетүүгө болот. Сурап-билүү телефону: +996 (312) 300 512.
Бишкек Жеңиш күнүнө кандай даярданууда? Сүрөттөр