Аял канча жашында эч нерседен коркпой төрөй берсе болот? Адистин пикири

Гинекологдун айтымында, аял киши убакыт өткөн сайын бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү акырындык менен азая берерин түшүнүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Физиологиялык жактан алганда аялга 20-25 жаштын ортосунда балалуу болгон туура. Бул тууралуу акушер-гинеколог Виктория Фисюк "Известия" гезитине берген маегинде айтты.
"Аталган куракта гормоналдык фон мыкты болуп, энелик клеткалардын резерви чоң болот. Ошондой эле зыяндуу адаттар жана өнөкөт оорулар али пайда боло элек кез", — деди дарыгер.
Анткен менен адис 25 жаштан кийин деле эч нерседен коркпой төрөй берсе болорун белгиледи. Бирок аял бойго бүтөр алдында медицинадык кароодон өтүп, өз саламаттыгы тууралуу кабар алып койгону жакшы. Аял киши убакыт өткөн сайын бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү акырындык менен азая берерин түшүнүшү керек.
Кош бойлуулар кайсы учурда спорттон оолак болушу керек? Гинекологдун пикири