Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи: Африка өлкөлөрүн Батыш Россияга каршы чыккыла деп кысымга алууда

Россиянын Анголадагы элчиси БУУнун Башкы ассамблеясында Россияга каршы резолюция боюнча добуш берүүдө дээрлик бардык Африка өлкөлөрү калыс болгонун эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май – Sputnik. Африка өлкөлөрүнөн Россиянын Украинадагы аракеттерин айыптоосун талап кылуу менен Батыш коркутуп-үркүтүүгө жана шантаж ыкмасына өттү. Бул тууралуу Россиянын Анголадагы элчиси Владимир Тааров РИА Новости агенттигине билдирди.
"Ангола Батыш өлкөлөрүнүн катуу кысымына кабылды. Африка өлкөлөрүн Россияны айыптоого чакырып жатышат. Бирок алар "тынчтыктын орношуна салымыбызды кошобуз” деген принцип менен жашашат”, — деди дипломат.
Ошондой эле ал Батыш мамлекеттеринин жүрүм-турумун адеп-ахлаксыз деп атады.
"Алар жөн эле коркутуп, шантаж кылып жатышат. Бул адеп-ахлаксыздык. Африка өлкөлөрү эптеп туруштук берип жатышат. БУУнун Башкы ассамблеясында антироссиялык резолюция үчүн добуш берилип жатканда африкалык өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы бейтарап болушту. Башкача айтканда, калыс бойдон калышты. Алар резолюцияга каршы добуш берүүгө батынган жок, анткени басым өтө катуу болду, — деди Тааров.
7-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясы Россиянын Украинадагы атайын операциясына байланыштуу БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги РФтин ишин токтотуу боюнча резолюция кабыл алган. Резолюцияга 93 мамлекет – "макул", 24 мамлекет – "каршы", 58 мамлекет "калыс" деп добуш берген.
Пентагон: Швеция менен Финляндиянын коопсуздук кепилдиги тууралуу сөз кылууга эрте