Жалган маалыматты кантип аныктоо керек? ИИМдин кеңеши

Министрлик жалган жана чагымчыл маалымат тараткандар мыйзам жүзүндө кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ички иштер министрлиги интернеттеги жалган маалыматтарга ишенип, дүрбөлөңгө түшпөө үчүн анын фейк экендигин кантип аныктоо керектигин айтып берди.
ИИМ буга чейин жалган жана чагымчыл маалымат тараткандар өлкө мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эске салган.
Министрликтин жарандарга кеңеши:
кээде фейк жаңылыктар жазылган сайттын веб-даректери орфографиялык каталарды камтыйт же сейрек кездешүүчү доменди колдонушат: nfonet же offer. Эгер сиз сайт менен тааныш эмес болсоңуз, анда "Компания жөнүндө" бөлүмүнө өтүңүз;
макаланын же жаңылыктын авторуна көз салыңыз, ал жөнүндө маалыматтарды караштырсаңыз жазганына ишенсе болорун же болбой турганын биле аласыз;
айтылган кабарды башка маалымат булактардан текшериңиз. Ишенимдүү жаңылыктар көптөгөн фактыларды, маалыматтарды, статистика, эксперттин цитаталарын жана башкаларды камтыйт;
фейк жаңылыктар коркуу же ачуулануу сыяктуу эмоционалдык реакцияларды жаратуу максатында түзүлөт. Кыраакы болуңуз, бул макала кандай максатта жазылган деген өңдүү суроолорду бериңиз;
жазылган комментарийлерди баалаңыз;
сүрөттөрдүн фотошоп эместигин текшериңиз. Адатта өзгөртүлгөн сүрөттүн айрым жерлери кыйшык, адамдын жүзү адаттан башкачараак болот.
ИИМ фейк жаңылыктарды аларга ишенгендер тарата турганын белгилеп, шек санаган маалыматтарды башка жакка бөлүшөрдө жакшылап текшерүүгө кеңеш берди.
Радио
Алижанов: үч айда өлкөдө 2 673 үй-бүлөлүк зомбулук катталды