Бишкек Жеңиш күнүнө кандай даярданууда? Сүрөттөр

Ушу тапта Бишкек гарнизонунун өздүк курамы салтанаттуу маршка даярданып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. 9-май күнү борбор калаанын "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болорун, ага Бишкек гарнизонунун аскерлери катыша турганын Генералдык штаб билдирди.
1 / 4

9-май күнү борбор калаанын "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болорун, ага Бишкек гарнизонунун аскерлери катыша турганын Генералдык штаб билдирди

2 / 4

Эскерүү иш-чарасына согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле борбордун тургундары жана коноктору келери күтүлүүдө

3 / 4

Түштүк дарбазада салттуу болуп калган "Өлбөс полк" жүрүшүнө старт берилет

4 / 4

Бул маанилүү датаны утурлай ушу тапта Бишкек гарнизонунун аскерлеринин өздүк курамынын салтанаттуу маршына даярдык көрүлүп жатат.

Эскерүү иш-чарасына согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле борбордун тургундары жана коноктору келери күтүлүүдө.
"Түштүк дарбазада салттуу болуп калган "Өлбөс полк" жүрүшүнө старт берилет", — деп айтылат маалыматта.
Бул маанилүү датаны утурлай ушу тапта Бишкек гарнизонунун аскерлеринин өздүк курамынын салтанаттуу маршына даярдык көрүлүп жатат. Мындан тышкары, иш-чарада Улуу Ата Мекендик согуштун убагындагы курал-жарак жана аскердик техника көрсөтүлө турганы белгилүү болду.
Ар күнү миңдеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Фронттон кат