БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Бүгүн түштөн кийин жаап өткөн жаандан улам Алай районунун Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарында кокту-колоттон суу түшүп, сел жүргөн. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Селдин видеосун жергиликтүү тургундар жөнөткөн.
Маалыматта сел суулары турак үйлөрдүн короолоруна киргени, бактыга жараша, тургундар жабыркабаганы айтылат.
"Сел Гүлчө айылы менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү алып кетти. Учурда эл айылдагы башка көпүрө менен каттап жатат. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары жана жарандык коргонуу штабынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү кызматтар жеринде иш алып барууда", — деп айтылат маалыматта.
Өкүлчүлүк бузулган көпүрө эки күндүн аралыгында калыбына келтирилерин билдирди. Кырсык учураткан зыяндын көлөмү кийинчерээк белгилүү болот дешти. Кырдаал президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жеке көзөмөлүнө алынган.