Шашылыш билдирүү! Күн сууктап, катуу жаан жаайт

Тоо этектеринде жана тоолорго мөндүр жаашы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
4-6-май күндөрү Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөп, катуу жаан жаай турганы айтылды. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлүүдө.
4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолорго мөндүр түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетери айтылды.
Мындай өзгөрүлмөлүү аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Майдын алгачкы аптасына карата аба ырайы