Нарын шаарында айт намазы окулду. Асмандан тартылган видео

Шаардын башкы аянтына айт намазын окуш үчүн беш миңден ашык адам келди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Нарын шаарында айт намазы окулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Калаадагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтка беш миңден ашык киши чогулган. Казыяттын өкүлү Кумарбек Орозалиев баянын айтып, орозо кармоо, битир садага жана зекет боюнча маалыматтар менен бөлүшкөн.
1 / 4

Нарын шаарында айт намазы окулду

2 / 4

Калаадагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтка беш миңден ашык киши чогулган

3 / 4

Казыяттын өкүлү Кумарбек Орозалиев баянын айтып, орозо кармоо, битир садага жана зекет боюнча маалыматтар менен бөлүшкөн

4 / 4

Андан соң президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, облустун казысы Эрик Молдокулов, калаа мэри Канболот Тутуев жана шаардык кеңештин төрагасы Автандил Молдосалиев элди Орозо айт майрамы менен куттуктаган

Андан соң президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, облустун казысы Эрик Молдокулов, калаа мэри Канболот Тутуев жана шаардык кеңештин төрагасы Автандил Молдосалиев элди Орозо айт майрамы менен куттуктаган.
Орозо айынан кийин да кайрымдуу бололу. Садыр Жапаровдун куттуктоосу