Британиянын депутаты жыйында уят видео көрүп отурганы үчүн отставкага кетти

Пэриш этикага дал келбеген видеону көрүп жатканын экинчи жолкусунда кесиптеши байкап калган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Британия парламентинин депутаты Нил Пэриш Жамааттык палатанын жыйынында порнография көрүп отурганы үчүн отставкага кетти. Бул тууралуу Sky News басылмасы жазды.
Биринчи жолу парламентарийди порно көрүп жатканын жанында отурган аял-министрлердин бири байкаган. Кийинчерээк комитеттин жыйынында депутат кесиптеши көрүп калган.
Пэриш жерлиликтүү ЖМКга берген маегинде биринчи жолу порнографиялык сайтка кокусунан түшүп калганын, кийин атайын кирип көргөнүн айткан.
"Ал сайтка атайын киргеним менен эң чоң кылмышым болуп калды. Мен добуш берүүнү күтүп отургам", — деди депутат.
Атазовдун айыптоосу. Депутаттар парламенттеги коррупционерди "издеп" жатат