Эл эс алуудан кайтып, Бишкектин жогору жагында автотыгын жаралды. Видео

Бүгүн кечинде кайгуул милициясы өзгөчө 7-апрель, Аалы Токомбаев өңдүү көчөлөрдө кызмат өтөп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Май айынын алгачкы дем алыш күндөрүндө эле тургундар шаардын сыртына чыгып, кайра кайтканда кире бериш жолдордо узакка созулган автотыгындар арбын болууда деп билдирди Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу.
"Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматкерлери көчөлөрдүн кесилиштеринде жол тыгындарын жөнгө салууда. Айрыкча 7-апрель, Аалы Токомбаев өңдүү көчөлөрдө өзгөчө кызмат өтөп жатышат", — деп айтылган маалыматта.
Бүгүн, 2-майда кечке маал калаанын жогору жагында автотыгын болгон. Маалыматта, ал Көк-Жар конушунан баштап, Беш-Күңгөй айылына чейин созулганы айтылды.
Кыргызстандыктар 1-9-май күндөрү катары менен эс алмакчы.
Пресс-борбор
Шаардыктар жумушка качан автобус менен бара баштайт? Мэрдин жообу