Таң заарда айт намазга чогулган эл. Бишкектеги эски аянттан 14 сүрөт

Бүгүн орозо айы аяктап, жер-жерлерде айт намазы окулду. Бишкекте ал салтка айлангандай эски аянтта өттү.
Sputnik
COVID-19 пандемиясына байланыштуу эки жылдан бери минтип чогулууга уруксат берилген эмес.
Бишкек милициясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү айт намазга 35 миңдей киши келди. Аянтта президент Садыр Жапаров да эл менен кошо майрамдык намаз окуду. Аны менен кошо ЖК төрагасы Талант Мамытов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка бийлик өкүлдөрү келишти.
Айт намазына Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев имамдык кылды.
1 / 14

Айт намазга кичинекей балдары менен келген аталар болду

2 / 14

Бут коёрго жер жок. Жай намазын төшөп жаткан мусулмандар

3 / 14

Эски аянттагы айт намазга президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ЖК төрагасы Талант Мамытов да катышты

4 / 14

Орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, кайрымдуулук иштер жасалат

5 / 14

Аянттагы элдин коопсуздугун укук коргоо органдары камсыздап турду

6 / 14

Таң заарда жараткандан жакшылык сурап намазга жыгылган жарандар

7 / 14

Ыйык айда араздашкандар бири-биринен кечирим сурап элдешүүгө, тууган-урук менен мамилени чыңдоого далалат кылат

8 / 14

Бишкек ШИИБдин маалыматында, эски аянтта укук бузуулар катталган жок

9 / 14

Ошондой эле шаардык милиция бүгүнкү айт намазга 35 миңдей киши келгенин билдирди

10 / 14

COVID-19 пандемиясына байланыштуу эки жылдан бери айт намазды минтип чогулуп окуганга уруксат берилген эмес

11 / 14

Рамазан айы ар бир мусулмандын жан дүйнөсүнө ыйман, сабыр, мээримдүүлүк сыяктуу асыл сапаттарды тартуулайт

12 / 14

Садыр Жапаров бул эле айда эмес, мындан ары дагы колунда барларды муктаждарга кайрымдуу, мээримдүү болууга чакырды

13 / 14

Эл тарап жатканына карабай алакан жая тилек тилеген жигит

14 / 14

Бүгүн отуз күндүк орозо айы аяктады

Тема боюнча:
Бишкекте окулган айт намазга Садыр Жапаров да катышты. Видео
Нарын шаарында айт намазы окулду. Асмандан тартылган видео