Бул ирет кан майданда жарадар болуп, айыгып кайра согуш талаасына чыккан кыргыздын уулу Курманбек Казакбаевдин үй-бүлөсүнө жазган катын архивден таап бердик.
Каттын орфографиясы сакталды
Ардактуу Акталаанын атыр жыттуу салкын авасынан дем алып жатышкан атам, апам, таякем!
Инилерим Дайырбек, Шүкүрбек, Сарылбек; жээндерим Карыбек, Тилекбүбү; Сууракан, Суурабүбү карындаштарым, ага-туугандар! Баарыңар жалпы-жайык аман-эсен турасыңарбы? Тенти таяке, оорубай жүрөсүзбү?.. Мен 8-марттан 19-мартка дейре фронтто чабуулда жүрдүм, 19-март күнү Винниск шаарынын алдындагы катуу салгылашта жарадар болуп, госпиталга жаттым. Согуш кыйын. Анын түрүн адамга көрсөтпөсүн. Далай адам өлдү. Мен 11 күн бою кызыл чоктун арасында жүрдүм... Мыкаачы душмандардан көп шаарлар бошоду. Душманды биз жексен кылабыз, жеңиш биздики болот. Мен ишенем. Инилерим, жээндерим, силер жакшы окугула, элдин-жердин, ата-эненин татыктуу, сыймыктана турган уулдарынан болуп өскүлө. Фронтко үзбөй жардам берип тургула. Ден соолук тилейли. Ден соолук болсо, жеңиш менен үйгө кайтам. Көрүшкөнчө.
Курманбек, 28 май... 1944.
Письмо участника ВОВ Курманбека Казакбаева родственникам
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Ак-талаалык Казакбаев 1943-1945-жылдары 1-Украина жана 4-Украина фронтторунда кызмат өтөп, Крым, Винниск шаарын бошотууга катышып, 1945-жылы кышында Польшада каза болгон.