БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчы ар бир иштин көзүн билип, күн сайын талбай эмгек кылуунун аркасында үй-бүлөбүзгө, коомубузга жана мамлекетибизге бакубатчылык менен байгер турмуш келе тургандыгын даңазалаган өзгөчө майрам экенин белгиледи.
Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөрдө 1-май эл аралык эмгек майрамы катары белгиленерин айтып өттү. Бул күн өлкөдө узак жылдар бою муундан-муунга карай майрамдалып, тарыхтын бир бөлүгү болуп калганын билдирди.
“Ак ниет, ак эмгек — ар бир коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи. Биз адал эмгегибиз менен гана өз келечегибизди кура алабыз. Балдарыбыздын бактылуу келечеги бүгүнкү күч-аракеттерибизден түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан талыкпастан эмгек кылуу менен алдыга умтулуп, аруу максат-тилектерибизге жетели. Белгилүү мамлекеттик ишмер атабыз Исхак Раззаков “Уйку таттуу, эмгек андан да ширин” деп бекеринен айтпаган чыгар”, — деди Жапаров.
Соңунда президент өнүгүү үчүн түрткү боло турган жаңы идеяларды, аларды ишке ашырууга күч-кубат берген күн болушун тиледи.