Венгрия: Россиянын газын рубль менен сатып алуу үчүн 10 өлкө эсеп ачты

Буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өлкө россиялык газ үчүн рубль менен эсептешүүгө даяр экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Венгриядан тышкары, Европанын тогуз мамлекети жаратылыш газын рубль менен сатып алуу үчүн эсеп ачышты. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министринин канцеляриясынын жетекчиси Гергей Гуйяш билдирди.
РИА Новости ага шилтеме берип жазганына караганда, мамлекеттер бул жөнүндө жар салып айтпай жатышат.

“Венгрия евро менен эсеп ачты. Ага газдын баасына жараша евро менен акча которулуп, банк тарабынан рублга конвертацияланат. Бизден башка дагы тогуз мамлекет ушундай жол менен газ алууда. Бирок алар муну ачык айтып, жар салышкан жок. Себеби Европада мамлекет жетекчилери өзүнүн эли менен ачык сүйлөшпөйт”, — деген Гуйяш.

Буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өлкө россиялык газ үчүн рубль менен эсептешүүгө даяр экенин айткан. Ал эми Сийярто Болгариянын газ сатып алуудан баш тартышы Венгрияга кеткен транзитке бөгөт койбой турганын билдирген.
1-апрелден тарта Россия кастык мамиледеги мамлекеттер менен газ үчүн рубль менен эсептешмей болгон. Президенттин жарлыгына ылайык, Газпромбанк атайын валюталык жана рублдик эсептерди ачкан. Сатып алуучу биринчи эсепке келишимде көрсөтүлгөн керектүү сумманы которгондон кийин банк аны Москва биржасында сатып, экинчи эсепке рубль түрүндө которот. Ошонун эсебинен сырьёго төлөнөт.
Владимир Путин рубль менен төлөөдөн баш тарткандарды келишимдик милдеттерди аткаруудан баш тартуу катары кабылдана турганын айткан.
Россия газынан баш тарткан Польша аны Германиядан реверсиялап алууда