БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Санкциялар Россияга караганда Европага көбүрөөк зыян алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис билдиргенин РИА Новости Real News гезитине шилтеме берип жазды.
Анын айтымында, өкмөттүн башкы жана биринчи тапшырмасы элди электр энергиясы менен толук камсыз кылуу.
"Биримдик катары Россияга карата киргизген экономикалык санкцияларыбыз маанилүү жана жыйынтыгын көрсөтө баштады. Бирок биз колдонуп жаткан чаралар Россияга караганда Европага көбүрөөк зыянын тийгизбеши үчүн өтө этият болушубуз керек. Анткени Европа экономикасы толугу менен жана тез арада Россиянын жаратылыш газынан баш тарта албайт", — деген ал.
Грециянын премьеринин айтымында, Европа Россиянын газынан тез арада кутулуу керек экенин билет. Бирок бул бир күндө ишке ашып кетчү нерсе эмес.
"Электр энергиясы жетиштүү болушу үчүн биз кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү план даярдадык", — деген Мицотакис.
Премьер-министр үй чарбасы жана ишканалар үчүн электр энергиясынын кымбатташы көйгөй жаратып жатканына кошулат. Ошол себептен энергетика каатчылыгы менен күрөшөрүн белгилеген.
Ал субсидиялоо схемасы аркылуу электр энергиясын колдонгондорду колдоону улантарын айтып, майда бул боюнча жаңы пакет жарыялай турганын кошумчалаган.