Ош шаарында Салиева көчөсүндөгү жол оңдолуп, жаңы аллея ачылды. Сүрөт

Эки чакырым жолго асфальт басылып, шаардыктар үчүн эс алуучу аллея ачылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Ош шаарындагы Салиева көчөсү жана сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, көрктөндүрүлүп, жашылдандырылган соң пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 8

Ош шаарындагы Салиева көчөсү жана сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, көрктөндүрүлүп, жашылдандырылган соң пайдаланууга берилди.

2 / 8

Анын ачылышына мэр Алмаз Мамбетов баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

3 / 8

Уркуя Салиева көчөсүндөгү жолдун 2 чакырымына асфальт басылган.

4 / 8

Ал эми аллеяда фонтан, инсталляциялар, балдар аянтчасы жана жарыктандыруу орнотулган.

5 / 8

Көчөнүн башына түнкүсүн Кыргызстандын желегин чагылдырып турган жарыктандыруу коюлган.

6 / 8

Мэрия шаардыктарды аллеяга аяр мамиле кылууга чакырып, ал жерде видео байкоолор орнотулганын эскертти.

7 / 8

Ош шаарындагы Салиева көчөсү жана сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өттү

8 / 8

Ош шаарындагы Салиева көчөсү жана сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өттү

Анын ачылышына мэр Алмаз Мамбетов баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Уркуя Салиева көчөсүндөгү жолдун 2 чакырымына асфальт басылган. Ал эми аллеяда фонтан, инсталляциялар, балдар аянтчасы жана жарыктандыруу орнотулган. Көчөнүн башына түнкүсүн Кыргызстандын желегин чагылдырып турган жарыктандыруу коюлган. Кошумча эки аялдама жана ажаткана курулган.
Мэрия шаардыктарды аллеяга аяр мамиле кылууга чакырып, ал жерде видео байкоолор орнотулганын эскертти.
Бишкекте 1-майдан 9-майга чейин өтө турган иш-чаралар. Тизме