БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлигинен иш берүүчүлөргө кандай учурда кайсы көлөмдөгү айып пул каралгандыгын айтып беришти.
Ал үчүн жоопкерчилик Укук бузуулар боюнча кодекстин 87-беренесинде каралган.
Медициналык корутундуга ылайык, сунушталган жумуш ден соолугуна зыян келтирген адам менен эмгек келишимин түзүү иш берген жеке тараптарды 1 000, юридикалык жактарды 5 000 сом айыпка жыгат.
Түнкүсүн жана ченемден ашык же дем алыш күндөрү иштетүү эрежелерин бузган жеке тараптар 3 000, юридикалык жактар 13 000 сом айып тартат.
Жеке жактар 5 500 сом, юридикалык тараптар 17 000 сом айып пул айрым категориядагы жумушчуларды оор жана андан сырткары зыяндуу, кооптуу шартта иштетүү эрежелерин бузгандарга салынат.
Иш берүүчүнүн кызматкерлердин ден соолугуна ыңгайсыз жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, санитардык-гигиеналык ченемдерди жана техникалык регламенттердин, эмгекти коргоо боюнча башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуучу каражаттарды жана технологияларды киргизүү боюнча милдеттерин аткарбоосу же талаптагыдай аткарбоосу жеке тараптарды 7 500, ал эми юридикалык жактарды 23 000 сом айыпка жыгат.
Жаранды иштен негизсиз бошотуп жиберген жеке тараптарга 3 000, юридикалык жактарга 13 000 сом айып салынат.