Ксения Палкина сүйлөшүлгөн оюн үчүн теннистен узак мөөнөткө четтетилди

32 жаштагы спортчу 2018-2019-жылдары алдын ала сүйлөшүлгөн оюнга катышканын моюндаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Теннистеги чындык үчүн күрөшүү эл аралык агенттиги (ITIA) кыргызстандык теннисчи Ксения Палкинаны 16 жылга дисквалификация кылды. 16 жылдын алтоо шарттуу мөөнөт болуп саналат. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылган.
WTA рейтингинде 163-орунда турган 32 жаштагы спортчу 2018-2019-жылдары алдын ала сүйлөшүлгөн оюнга катышканын моюндаган. Дисциплинардык комиссия билдиргендей, ал теннистеги Коррупцияга каршы программанын (TACP) эрежесин бузган.
Билдирмеге караганда, Палкинага 100 миң доллар айып пул салынган (анын 87,5 миң доллары шарттуу айып пул). Эгер ал TACP эрежесин мындан ары бузбаса, спортчу карьерасын 2029-жылдын 21-ноябрында жанданта алат.
Санкцияларга ылайык, спортчу дисквалификация мөөнөтү бүтмөйүнчө теннис ойной албайт жана теннис боюнча спорттук иш-чаранын баарына бара албайт.
Спорттук басылмалардын жазганына караганда, Палкина теннистен эң узак мөөнөткө четтетилген.
Алдын ала сүйлөшүлгөн оюн боюнча айыптоо
2019-жылы Францияда Кыргызстандын жана Өзбекстандын теннисчилери Ксения Палкина менен Альбина Хабибулина байге фондусу 25 миң долларды түзгөн ITF Gonesse турниринде алдын ала сүйлөшүлгөн оюн өткөрүштү деп шектелип кармалган. Аларды полиция Клермон-Ферран шаарында өткөн ITF турниринен алып кеткен. Мында кыздар жуптук оюнда күч сынашмак.
Балбан кыз-келиндер үчүн спортзал курулат. Садыр Жапаров капсула салды