БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкек мэриясы окуучулар катышкан окуялардын себебин ийне-жибине чейин карап чыга турчу жумушчу топ түздү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин № 56 мектепте башталгыч класстын окуучусун 4-класста окуган кыз сабаганы тууралуу айтылган. Кийинчерээк ал башка да окуучу кызга кол көтөргөнү маалым болгон. Андан кийин 8-класстын окуучу баласы 3-класстын окуучу кызын сабады деп шектелип кармалды. Экөө тең № 58 мектепте окушат.
Маалым болгондой, билим берүү мекемелеринин айрым жооптуу кызматкерлери сөгүш жана административдик эскертүү алышкан.
"Иликтөө аяктай элек, айрым окуялар боюнча ата-энелер жана укук коргоо органдары чоо-жайын жарыялабай турууну суранышты. Тартип бузуу учурлары аныкталары менен мектеп жетекчилери, алардын тарбиялык иштер боюнча орун басарлары жана социалдык педагогдордун катышуусунда милиция өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өткөрүлгөн", — деп айтылат билдирмеде.
Мэрия мектептерде педжамаат жана ата-энелер коомчулугу менен да жыйналыш болгонун кошумчалады.