Маршрутка жок, Ысык-Көлгө кете албай убара болгон жүргүнчүлөр. Видео

Айрым бустардын айдоочулары жол кирени 800 сомго көтөрсө, такси айдагандар 1 200дөн 1 500 сомго чейин кымбаттатып жиберишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкектин Ак жол автобекетинде Ысык-Көлгө каттаган маршрутка жок, жүргүнчүлөр кете албай убара болушууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаар тургундары билдирип, видеолорун жөнөтүштү.
Анда көрүнүп тургандай, автобекетте эл жык-жыйма. Видеого тарткан адам Ысык-Көлгө кеткен тарабында бир дагы маршрутка жок экенин айтып, айрым бустардын айдоочулары жол кирени 800 сомго көтөрсө, такси айдагандар 1 200дөн 1 500 сомго чейин кымбаттатып жиберишкенин белгилеген.
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Транспорт департаментинин бөлүм башчысы Нурбек Капетов инспекторлор учурда автобекетке барып, кырдаалды жөнгө салып жатканын айтты.
"Элдин баары, анын ичинде студенттер эс алууга чыгып, Ысык-Көлгө кетип жаткандар өтө көп. Ошол себептен бул жакта ушундай кырдаал жаралып калды. Маршруткалар план боюнча эле чыгып жатат. Жүргүнчү көп болгондуктан жетишпей калууда. Абалды жөнгө салуу үчүн эс алуудагы айдоочуларды да ишке чакырып жатабыз", — деди Капетов.
Ал маршруткадагы жол кире акысы мурдагыдай эле экенин кошумчалады.
Кыргызстандыктар тогуз күн катары менен эс алат