ЖМК: АКШда республикачылар НАТОну колдоодон баш тартышууда

Макаланын авторлорунун айтымында, европалыктар АКШ конгрессинин кийинки шайлоосунан чочулап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. АКШда республикалык партиянын көпчүлүк өкүлдөрү НАТОну колдобой калышты. Бул тууралуу The Washington Post басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Америкалык басылманын серепчилеринин байкашы боюнча, апрелде альянсты колдоого багытталган резолюция боюнча конгресстеги добуш берүүдө 63 республикачыл ага каршы оюн айткан (өкүлдөрдүн 30 пайызы). 2019-жылы ушундай эле документке бул фракциядан болгону 22 адам каршы чыккан.
Колумнисттер белгилегендей, мындай жыйынтыктар республикачылар арасында обочолонууну каалагандардын саны өсүп жатканынан кабар берет. Алардын пикири "Эң оболу Америка" деген принципти карманган мурдагы президент Дональд Трамптын көз караштарына дал келүүдө.
Макаланын авторлорунун айтымында, европалыктар АКШ конгрессинин кийинки шайлоосунан чочулашууда. Себеби шайлоо республикачыларга көпчүлүктү кайтарып, өлкөнүн 45-президентинин тышкы саясий курсун кайра жандантып коюшу ыктымал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Болгон күчтү жумшайбыз". АКШ менен НАТОнун Украинадагы жаңы стратегиясы