Майрам күндөрү "Унаа" мамлекеттик мекемеси иштебейт

Бүгүн мекеменин бардык бөлүмдөрү кадимки режимде иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрү майрамдык дем алыш күндөрү — 1-майдан 9-майга чейин иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"30-апрель иш күн деп жарыялангандыктан бүгүн бардык бөлүмдөр иштеп жатат. Андан соң 10-майда гана кайрадан иштеп баштайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Ведомство айдоочулардан алдыдагы дем алыш күндөрүн эске алуу менен зарыл маселелерди алдын ала чечип алууну суранат.
Кыргызстандыктар тогуз күн катары менен эс алат