Кош бойлуулар кайсы учурда спорттон оолак болушу керек? Гинекологдун пикири

Дарыгер кошумчалагандай, машыгуу учурунда дем кысылбашы керек. Мисалы, жүрөктүн согушу мүнөтүнө 140ка жете баштаса, дароо токтотуу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кош бойлуу аял кайсы учурда спорт менен алектенбеши керек? Бул суроого акушер-гинеколог Виктория Фисюк "Известия" гезитине берген маегинде жооп берди.
Адистин пикиринде, кош бойлуу кезде көп кыймылдап, спорттун жеңил-желпи түрлөрү менен алектенүү абдан маанилүү. Бул аялга дагы, түйүлдүккө дагы көп пайдасын тийгизет. Бирок айрым учурда активдүү кыймыл-аракет болочоктогу балага коркунуч жаратып коюшу мүмкүн.

"Кош бойлуулуктун биринчи жана үчүнчү үч айлыгында спорттун пайдасынан зыяны көп болушу ыктымал. Анткени биринчисинде организм гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болуп, ансыз дагы кыйналып турган кези болот. 6-9-айда түйүлдүк чоңоюп, организмге күч келтирет. Ал эми 4-6-айлардын ортосунда дарыгердин уруксаты менен машыга берсе болот", — деди Фисюк.

Гинеколог кошумчалагандай, машыгуу учурунда дем кысылбашы керек. Мисалы, жүрөктүн согушу мүнөтүнө 140ка жете баштаса, дароо токтотуу зарыл. Ошондой эле кандайдыр бир дискомфорт же кыйналуу пайда болсо, токтоп гана калбастан, дарыгерге кайрылуу кажет.
Адистин пикиринде, кош бойлуу аялдарга таза абада жөө басуу, йога, бассейнде сүзүү ылайыктуу.
Акушер-гинеколог: үч эрежени сактаса 40тан өтүп төрөгөн аялдын баласы акылдуу болот