Июнда COVID баш көтөрүшү мүмкүн. РФ министринин эскертүүсү

Министрдин айтымында, толкун качан каптайт деп күтүп отурбастан, профилактикалык иштерди эмитен башташ керек.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. – Sputnik. Июнда COVID-19дун жайылуу тобокелдиги жогору, андыктан толкунга айланып кетпеш үчүн вакцина алуу зарыл. Бул туурасында Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко эскерткендигин РИА Новости жазды.
Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко
"Азыр ревакцинация жасатыш керек, себеби, биздин божомол боюнча, жамааттык иммунитет азайып бараткандыктан майдын соңунда, балким, июнда оору кайрадан баш көтөрүшү мүмкүн", — деген ал журналисттерге.
Министрдин айтымында, толкун качан каптайт деп күтүп отурбастан, профилактикалык иштерди азыртадан башташ керек.
Буга чейин Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова Россияда COVID-19дун деңгээли азайгандыгын, бирок пандемия бүтө электигин айткан.
Кыргызстанда да оору азайып отуруп, 2022-жылдын 26-апрелинде Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү ооруканаларда коронавирустан дарыланган ноокас калбагандыгын кабарлаган.
Жалпысынан айтканда, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери бул вирусту 200 990 киши жуктуруп алып, анын ичинен 196 393у сакайып кеткен. Ал эми каза болгондордун саны 2 991ди түздү.
Эске салсак, алгач коронавирус жугузуп алгандар Кыргызстанда 2020-жылдын 18-мартында катталган.
Чүйдүн үч районунда COVID-19ду аныктоочу лабораториялар ачылды. Сүрөт