БИШКЕК, 30-апр. – Sputnik. Россиянын газдын акчасын рубль менен төлөө талабынан улам Европада ажырым жаралды. Бул туурасында РИА Новости Bloomberg ресурсунун баяндамачыларына таянып жазды.
Алар Польша менен Болгария көгүлтүр от боюнча жаңы талаптарды аткарбай моюн толгогондугу үчүн газды албай калганын белгилешкен. Австрия өзүн сырье менен камсыздай алам деп ишенип турат. Венгрия Москванын талабына баш ийгенден башка жол жоктугун билдирди. Германия бул маселе боюнча компромисске келүүгө аракет жасап жатканы макалада айтылган.
Брюссель чар-жайыт инструкцияны чүргөп, компанияларга газ акысын евро менен төлөө боюнча айтып, Россиядан бул этапта келишим түзүлүп бүттү деп эсептелери боюнча тастыктама сурай тургандыгын билдирген. Москва өзүнүн айтканынан кайтпай, алуу-сатуу рубль менен жүрөрүн эске салды. Анткен менен европалык аткаминерлер орус акчасы менен эсеп ачуу санкцияларды бузгандык болорун айтып жатышат.
"Төлөө мөөнөтү жакындап келе жаткан учурда өкмөт жана компаниялар дилемма менен күрөшүп жатат: газ акысын рубль менен төлөй берүү керекпи же өзүнүн жарандарын энергияны пайдаланууда калыпка түшүргөн, чектеген ыкманы киргизүү зарылбы? Ошенип учурда Европа биримдигине ишеним деген нерсе таразада турат", — деп жазган авторлор.
Батыш өлкөлөрү Россиянын Украинага карата баштаган атайын операциясынан кийин Москвага санкцияны катар-катары менен салды. Андан улам 300 миллион доллар суммасындагы россиялык резервдер тоңдурулду. Россиянын энегоресурстарынан баш тартуу демилгеси улам-улам көтөрүлө баштады. Бул окуялардын фонунда Россия 1-апрелден тарта ага кастарын тиккен өлкөлөрдөн газдын акысын рубль менен төлөтүү чечимин кабыл алды. Бул доллар жана евро менен эсептешүүдөн алыстоо үчүн жасалууда. Президент Владимир Путин орус акчасы менен операция жүргүзүүдөн баш тарткандарды Москва келишимдин милдеттенмелерин аткарган жок деп кабылдаарын айтты. 27-апрелден тарта "Газпром" Болгария менен Польшага көгүлтүр от берүүнү токтотту.
Өздөрү салган санкциянын азабын АКШ, Европа өзү тартып, баалар кескин жогорулап, бул жарандарынын нааразылыгын күчөтүүдө.