Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата эл аралык айтыш өтөт

Иш-чаранын финалдык бөлүгү 15-16-майда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрында болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өлкөдө Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Иш-чараны Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз улуттук "Манас" театры жана республикалык "Айтыш" коомдук фонду биргелешип уюштурмакчы.
"Айтыштын тандоо туру 10-май күнү саат 10:00дө "Манас" кинотеатрынын залында өтөт. Анда 12 акын тандалат. Айтыштын финалдык бөлүгү 15-16-майда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрында болот", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев поэзия майданына кошулган өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып эле окурмандардын калың катмарынын сүйүктүү акынына айланган. Анын "Ак калпак", "Ашуудан берген отчётум" деген китептери колдон-колго өтүп окулган. Сарногоевдин ырларынын ар бир сабынан кыргыздык мүнөз, кыргыздык бөтөнчөлүктөр көрүнүп турат. Ал төкмөлөр чыгармачылыгына жакын, нукура улуттук колорит менен жазган.
Акын Байдылда Сарногоев жөнүндө 17 факт. Кыргыз деп өткөн дүйнөдөн...