"Ала-Тоодо" ырчылардын үнү жаңырды. Бишкектин 144 жылдыгынан ирмемдер

Бишкектиктер кечээ баш калаанын түптөлгөндүгүнүн 144 жылдыгын белгилеп, шаар күнүнө карата майрамдык концерт болду.
Sputnik
Иш-чара "Ала-Тоо" аянтында өттү. Салтанаттан алынган сүрөттөрдү муниципалитеттин маалымат кызматы таратты.
1 / 11

Концерт саат 19:00дө башталып, 22:30га чейин уланды

2 / 11

Көрүүчүлөрдү "Ала-Тоо" аянтына коопсуздук тартибинен улам текшерип, анан өткөрүштү

3 / 11

Калаалыктарды куттуктап белгилүү артисттер өз өнөрлөрүн тартуулады. Сахнада ырдап жаткан – КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев.

4 / 11

Көрүүчүлөрдүн көтөрүңкү маанайын чагылдырган ирмем

5 / 11

Бишкектиктерди мэр Эмилбек Абдыкадыров жана шаардык кеңештин төрагасы Кубанычбек Конгантиев куттуктады

6 / 11

Шаардыктарга таланттар өз өнөрлөрүн тартуулашты

7 / 11

Майрамдык концертке жашы, карысы, баласы, айтор, көрүүчүлөр көп келди

8 / 11

Дагы бир таланттуу ырчы Жийдеш Идирисованын көңүл көтөргөн үнү "Ала-Тоодо" жаңырды

9 / 11

Көрүүчүлөрдүн биринчи катарында азыркы жана мурдагы мэрлер да болду

10 / 11

"Голос" долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав шаардыктарды куттуктап ырдап жатат

11 / 11

Майрамдык салют атылган жок. Анын себебин мэрия каражатты үнөмдөө жана абага зыяндуу заттарды таратпоо максатын көздөгөндүгү менен билдирген.

Тема боюнча:
Бишкекте туулган Корсаков шаар күнү менен космостон куттуктады. Видео
Бишкекти дүйнө суктанган шаарга айланталы! Калаа башчынын куттуктоосу
Бишкекке 144 жыл. Архитекторлор борбор калааны өзгөчө куттукташты. Видео