Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министрин кабыл алды

Жапаров эки тараптуу кызматташтыктын динамикасы жогорку деңгээлде экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловду кабыл алды
Жапаров Алихан Смаиловду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.
"Биз достукка, өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген кыргыз-казак мамилесин баалайбыз. Эки тараптуу кызматташтыгыбыздын динамикасы жогорку деңгээлде жана биз аны мындан ары да бекемдөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз", — деди президент.
Жапаров Касым-Жомарт Токаевдин 26-майда Кыргызстанга боло турчу расмий сапары кыргыз-казак көп кырдуу кызматташтыгына жаңы дем берерине ишенерин айтты.
Ал эми Алихан Смаилов Садыр Жапаровго Касым-Жомарт Токаевдин саламын жана жакшы каалоолорун жеткирип, Кыргызстан Казакстандын негизги саясий жана экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.
"Быйыл биздин дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Сиздин былтыркы Казакстанга болгон иш сапарыңыз эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болду", — деди Смаилов.
Ал ошондой эле өкмөттөр аралык кеңештин 10-отурумунун ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алмашуу болду.
Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйыны өттү. Талкууланган маселелер