Балбан кыз-келиндер үчүн спортзал курулат. Садыр Жапаров капсула салды

Күрөш залды курууга 81,6 миллион сом жумшалары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда үчүн спортзалдын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал Малдыбаев көчөсүндөгү "Жаштык" спорт комплексинин жанына курулат. Долбоорго ылайык, 1 875,2 чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашканасы жана башкалар бар. Спорт залды курууга 81,6 миллион сом жумшалат.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда үчүн спортзалдын курулушуна капсула салды

2 / 4

Ал Малдыбаев көчөсүндөгү "Жаштык" спорт комплексинин жанына курулат

3 / 4

Долбоорго ылайык, 1 875,2 чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашканасы жана башкалар бар

4 / 4

Спорт залды курууга 81,6 миллион сом жумшалат

Ошондой эле Жапаров өлкөнүн эгемендүүлүк мезгилиндеги эң эле эсте калган учур 2021-жыл болгонун айткан. Анда балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Токио Олимпиадасында, Осло шаарындагы Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнө ары сыймыктуу, ары унутулгус жаңылык киргизгенин белгилеген.
Президент Садыр Жапаров
"Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командабыз ар бир мелдешинде бизге чоң майрам тартуулашат. Алар татыктуу күрөшүп, кызыл желегибизди бийик желбиретип келишүүдө. Кыргыз тарыхындагы Каныкейдей акылдуу, Айчүрөктөй сулуу, Жаңыл Мырзадай, Кыз Сайкалдай айбаттуу баатыр кыздарыбыз болгон. Бүгүнкү күндө сыймыктарыбыз ошол балбан билек, тоо жүрөк, беттегенин бербеген тайманбас баатыр кыздарыбыздын учугун улап келе жатышкандыгынын айдан ачык далили", — деди президент.
Өз кезегинде спортчу Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын атынан мамлекет башчысына спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде спортчу Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын атынан мамлекет башчысына спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди
Андан соң Жапаров "Жаштык" спорт комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышып, ал имаратты капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Мындан ары ката кетирбейм! UWW Айпери Медет кызы менен маек курду. Видео