Садыр Жапаров: Кыргызстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Бурса аймагындагы Изник шаарында (Түркия) 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан кезектеги V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр экенин билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, өлкө башчы кечээ, 28-апрелде, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алган.
Жолугушууда Түркияда өтө турчу Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын даярдыгы, кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын жайылтуу маселелери талкууланган.
Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Бурса аймагындагы Изник шаарында (Түркия) 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өтөт. Иш-чарага барууга кыргыз өкмөтү 100 миллион сом жумшай турганы айтылган.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алгач Кыргызстанда башталып, үч ирет өлкөдө өткөрүлгөн.
Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдык талкууланды