Жоокерлер Нарындын тоолорунда "террордук топту" жок кылды. Машыгуунун видеосу

Машыгуунун алкагында террордук топторду жок кылуу аркылуу алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотуу боюнча операция ишке ашырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы "Муз-Төр" чек ара тосотунда "Нарын-Биримдик — 2022" командалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Машыгуунун максаты мамлекеттик чек араны бузуп өтүүгө аракет кылууга ыктымал болгон террордук топтордун иш-аракетине каршы тийиштүү чараларды көрүү жана күч түзүмдөрүнүн өз ара кызматташуу механизмин иштеп чыгуу болуп саналат.
Жоокерлер террорчулукка каршы машыгууларды жетектөө боюнча ыкчам штаб түзүү, анын ишинин эффективдүүлүгүн жана аймактык ыкчам штабдын мүчөсү болгон негизги күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоону камсыздоого багытталган чеберчилигин көрсөтүшкөн.
Машыгуунун алкагында террордук топторду жок кылуу аркылуу алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотуу боюнча операция ишке ашырылды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга бир жыл. Садыр Жапаров элге кайрылды