БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айланма жолдо жеңил автоунаа кырсыктап, "ЭлТР" мамлекеттик телекомпаниясынын бир кызматкери көз жумду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айланма жолдо жеңил автоунаа кырсыктап, "ЭлТР" мамлекеттик телекомпаниясынын бир кызматкери көз жумду
© Фото / пресс-служба ГУОБДД
Билдирмеге караганда, жол кырсык 27-апрель күнү саат 16:50лөр чамасында катталган.
"Кемин районунун 33 жаштагы М.А. аттуу тургуну Opel Zafira үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып алдындагы КамАЗды артынан сүзүп алган. Жыйынтыгында жеңил автоунаанын 33 жаштагы айдоочусу кырсык болгон жерден мүрт кеткен. Opel Zafira үлгүсүндөгү автоунаанын ичиндеги эки жүргүнчү жаракат алып, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктан каза болгон адам "ЭлТР" телеканалынын айдоочусу экени айтылды.