Түркиянын Бурса шаарында "Манас" эпосунун жумалыгы өткөрүлөт

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев бул жылга карата маданият жаатындагы иш пландары менен бөлүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Тараптар өлкөнүн ТҮРКСОЙ уюмуна катышуусунун актуалдуу маселелерин, быйыл күзүндө Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууну талкуулаган. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоонун жана жайылтуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Өз кезегинде Раев Кулубаевге уюмдун бул жылга карата маданият, искусство жана музей иши боюнча пландары, анын ичинде быйыл июнь айында Түркиянын Бурса шаарында "Манас" эпосунун жумалыгы жана июлда Россия Федерациясынын Алтай аймагында "Алтай цивилизациясы" аттуу конференциясын өткөрүү тууралуу маалымат берген.
Президент "Манас" үчилтигин ар тараптан изилдеп жайылтуу жарлыгын чыгарды