БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Сөз эркиндигин коргоого адистештирилген коммерциялык эмес уюм түзүү зарыл. Бул туурасында Россиянын маалымат коомчулугун, ЖМК жана массалык коммуникацияны өнүктүрүү коомдук палатасынын төрагасынын орун басары Александр Малькевич билдирди.
Ал Sputnik аянтчасында өткөн "Такталбаган маалыматтын интернетке жайылышын кантип токтотсо болот жана колдонуучулардын коопсуздугун канткенде сактайбыз?" аттуу видеокөпүрөгө катышкан.
"Биз ЖМКлардын эркиндиги маселеси менен алектенген коммерциялык эмес эл аралык уюмдарды түзүшүбүз керек. "Чек арасы жок" репортерлор бар, алар Францияда жайгашкан. Ар дайым Россия менен Беларусту төмөнкү сапка түшүргөн рейтингдерди чыгарып турат. Ал эми Европа биримдиги бир катар интернет аянтчаларына нормативдерди киргизди. Мисалга ЕБдин маалыматтык саясатына каршы келген маалыматтарды өчүрүүгө милдеттендирилген Google менен Meta компанияларын айтсак болот", — деди Малькевич.
Ошондой эле ал Латвияда россиялык жана беларустук телеканалдарды көрүүгө жаза колдонуу чарасын киргизгенин айтты.