Самбо боюнча Ашхабадда өтчү дүйнө чемпионаты Бишкекте болмой болду

Дүйнөлүк мелдеш Кыргызстанда ушул жылдын ноябрь айында уюштурула турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында жазылган.
Дүйнөлүк мелдеш башында Ашхабадда (Түркмөнстан) өтмөк. Ал эми жаштар арасында дүйнө чемпионаты Панагюриштеде (Болгария) болмок. Бирок аталган мамлекеттердин улуттук федерациялары эл аралык федерацияга турнирди башка жактан өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган.
"Өлкөлөрдүн сунушун карап чыккандан кийин Самбо боюнча эл аралык федерациянын аткаруу комитетинин мүчөлөрү Кыргызстандын Самбо боюнча федерациясынын билдирүүсүн да добушка коюп, ал колдоого алынган. Турнир Бишкекте буга чейин пландалып жаткан убакытта, 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Самбо боюнча эл аралык федерациянын аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн чечими менен жаштар биринчилиги Ереванда (Армения) белгиленген мөөнөттө, 14-октябрдан 16-октябрга чейин уюштурула турганы кошумчаланды.
"Буга чейин Ереван спорт чеберлери арасындагы самбо боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алууга да даярданып жаткан. Бирок федерациянын аткаруу комитетинин мүчөлөрү аталган турнирди кийинки жылга жылдырууга добуш беришкен", — деген федерация.
Кадеттер арасында дүйнө чемпионаты дагы 2023-жылга калган. Ал ушул жылдын декабрь айында Кишиневдо (Молдова) өтүш керек болчу.
Радио
Бакиров: паралимпиадалык спорттун 13 түрү боюнча федерация түптөлдү