Быйыл Нарын шаарында мектептин жаңы имаратынын курулушу башталат

Билим уясынын жаңы имаратын куруу үчүн Нарын шаардык мэриясы атайын жер бөлүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Нарын шаарындагы Абдыкадыр Сыдыков атындагы орто мектептин жаңы имараты куруларын Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
"Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагындагы №9 Абдыкадыр Садыков атындагы орто мектебинин жаңы имараты салынат. Курулушту баштоо үчүн 1 миллион сом акча бөлүндү", — деп айтышты.
Мектептин жаңы имаратын куруу үчүн Нарын шаардык мэриясы атайын жер бөлүп берген.
Аталган орто мектептин имараты учурунда дүкөн катары салынып, кийин мектеп болуп Ак-Коргон аймагындагы жашоочулардын балдары билим-тарбия алып келе жатат. Мектептин типтүү эместиги, тардыгы көп жылдан бери көйгөйлүү маселе болуп келген.
Нарын: Эмгек-Талаа айылында жаңы билим уясы пайдаланууга берилди. Сүрөт