Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Блинкен: Киев аскердик аракеттерди РФ аймагына өткөрүү же өткөрбөөнү өзү чечет

Мамлекеттик катчы Россиянын аймагындагы аскердик аракеттер өзүнчө иш экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украина аскердик аракеттерди Россиянын аймагына өткөрүү же өткөрбөөнү өзү чечиши керектигин айтты. Бул тууралуу CNBC телеканалы кабарлады.
Мамлекеттик катчы Россиянын аймагындагы аскердик аракеттер өзүнчө иш экенин белгилеген.
"Украиналыктар чек арасынан ары жакта аскердик аракеттерди жасашы керекпи деген маселе бар. Менин жеке пикиримде, алар коргонуу үчүн болгон аракетин көрүшү керек. Мындай учурда кандай тактиканы тандоо туура болорун өздөрү чечиши керек", — деди Блинкен.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Молдовадагы "экинчи фронт". Приднестровьеде чыр чыгышына ким кызыкдар?