БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтиден кийин Баткен элине көрсөтүлгөн колдоо тууралуу айтып берди.
Каргашалуу окуяга байланыштуу өлкө башчы элге кайрылуу жасап, кагылышуунун кесепетин жоюуда кандай иштер жасалып жатканына токтолгон.
"2021-жылдын 4-майында "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыкты кабыл алганымды билесиздер. Мындан сырткары, Баткен облусунда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, ишке кирди. Бул мыйзамда Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же болбосо жеңилдетилген тартипте көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси аныкталды. Ошондой эле облустун аймагында туруктуу иштеген, аскердик кызмат өтөгөн жарандарга бир нече артыкчылыктар каралды", — деп жазылат президенттин кайрылуусунда.
"Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамдын алкагында 2022-жылдын 1-мартынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын 1 000 сом, Баткен облусунун чек ара аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлерге 2 000 сом кошумча компенсация төлөнө баштаган.
"Ошондой эле облус боюнча стратегиялык маанидеги сегиз жолдун курулуш иштерине 250 миллион сом бөлүндү. Жогорудагы кабыл алынган мыйзамдын негизинде 2022-2035-жылдарга атайын Жол картасы иштелип чыгып, ага ылайык, жылына 500 миллион сомдон бөлүнүп берилет. Куралдуу күчтөрдү чыңдоо максатында өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен керектүү заманбап аскердик техника жана башка жабдыктар сатып алынды. Бул багыттагы иш-чаралар мындан ары да улантылат", — деген президент.
Белгилей кетсек, туура бир жыл мурда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу башталып, чыр-чатактан Максат айылынын тургундарынын үйлөрү, унаалары талкаланып, өрттөлүп, тонолгон. Анда кыргызстандык 36 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган.