Акылбек Жапаров жүрөгү ооруп ооруканага жаткырылды

Өкмөт башчы бүгүн эртең менен Бишкектеги Кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жүрөгү ооруп жана кан басымы төмөндөп, ооруканага түштү.
Ал бүгүн эртең менен Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

"Ага электрокардиография жана коронарография процедуралары жасалганда инфаркт миокарды тастыкталган жок. Бирок жүрөк-кан тамырларында спазм аныкталды. Учурда министрлер кабинетинин башчысынын абалы туруктуу, канааттандырарлык деп бааланууда", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин консилиумунда Жапаровдун ден соолугун калыбына келтирүү үчүн ооруканага жаткырып дарылоо чечими кабыл алынган.
Бейшеналиев Жапаровдун ден соолугу начарлашына эмне себеп болгонун айтты