Радио

Мавлянбай уулу: жеке стоматологиялык борборлордун көбү талапка жооп бербейт

Бишкек шаардык №6 стоматологиялык борборунун башкы дарыгери Ринат Мавлянбай уулу Саламаттык сактоо министрлиги жеке медициналык борборлордун ишмердигин, санитардык абалын текшерген атайын топ түзүп, республика боюнча рейд өтүп жатканын айтты.
Sputnik
Бишкекте жеке менчик 70тей стоматологиялык борбор текшерилип, алардын 19унун лицензиясы жок экени аныкталган. Ош облусунда 100гө жакын тиш дарылоо клиникаларында рейд жүрүп, алардын жарымынын лицензиясы жок болуп чыкты. Бул тууралуу Ринат Мавлянбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, медициналык кызмат көрсөткөн жеке менчик борборлордун көбүндө санитардык эрежелер сакталбай, бир жолку пайдалануучу инструменттерди кайра колдонгон учурлар кездешүүдө.
"Саламаттык сактоо министрлиги жеке медициналык борборлордун ишмердигин, санитардык абалын текшерген атайын топ түзүп, республика боюнча рейддерди өткөрүп жатат. Алсак, Бишкекте жеке менчик 70тей стоматологиялык борбор текшерилип, алардын 19унун лицензиясы жок экени аныкталган. Ош облусунда 100гө жакын тиш дарылоо клиникаларында рейд жүрүп, алардын жарымынын лицензиясы жок болуп чыкты. Рейд учурунда көбүнүн ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксаты жок болгондуктан биз аларды текшере алган жокпуз. Аларды укук коргоо органдары тез арада көзөмөлгө алышы керек. Санитардык талаптарды аткарбагандыктан акыркы учурларда ВИЧ/СПИД, гепатит, кан ооруларын жугузгандар көбөйүүдө. Убагында чара көрүлбөсө, жыйынтыгы чоң коркунучка алып келиши мүмкүн", — деди Мавлянбай уулу.
Ошондой эле дарыгер тажрыйбасы жок медициналык кызматкерлер адистигине туура келбеген иштерди жасап жаткандыгын кошумчалады.