БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Пентагондун башчысы Ллойд Остин Украинаны азыр НАТОго кирет деп айтуу чагымчылдык болуп каларын билдирди. Бул тууралуу анын Fox News каналына берген маегине таянып РИА Новости жазды.
"Учурда НАТОнун күн тартибинде Украинаны уюмдун катарына кошуу маселеси каралган жок", — деди Остин.
Россия бийлиги Украинадагы кырдаал НАТОнун өз аймагын кеңейтүү аракетинин кесепети экенин айтып келет.