БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев жаңы Ак үй салууну сындагандарга нааразы болду.
"Акыркы убакта ар ким өзүнүн оюн айтып жатат. Ыраматылык баатыр атабыз Турдакун Усубалиев ушул Ак үйдү салып жатканда "эски эле имаратта отура бербейсиңби" деп бирөө айтты бекен. "Эмнеге Тарых музейин, Агропромду куруп жатасың" деп бирөө айтты болду бекен. Азыр "тигини (жаңы Ак үй — ред.) эмне салып жатасың" деп президентти тытып салмай болдук", — деди Түлөбаев.
Депутат бул маселени көтөргөн журналисттердин бирин саясий кызыкчылыгын көздөп жатат деген пикирин айтты.
"Кээ бирөө мен журналистмин дейт, ал журналист эмес. Ал саясий партияга мүчө, депутаттыкка талапкер болгон. Журналистикадан чыгып саясатчы аталган. Ал саясий кызыкчылык менен бийликке оппонент, журналист эмес. Анан биз ушул нерселерди айтсак эле "пахтакор", кошоматчы дешет. Ар бир пикирди эле сындай турган болсоңор, Жогорку Кеңеш дудук болуп берели анда", — деп нааразы болду Түлөбаев.
Эске салсак, президенттик администрациянын жаңы имараты мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курулат. Президент Садыр Жапаров анын курулушуна 15-апрель күнү капсула салган. Ошондой эле ал курулушка мамлекеттик бюджеттен акча кетпей турганын, анын ордуна курулуш компаниясына 16 гектар жер берилерин айткан. Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушун ата мекендик TS Group компаниясы жүргүзө турганы белгилүү болгон.