Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Сүрөт

2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына быйыл 12 жыл болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу көзөмөл органдан билдирди.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты

2 / 2

Маалыматка караганда, өлкө башчы 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча күбө катарында суралды

Маалыматка караганда, өлкө башчы 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча күбө катарында суралды.
Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле окуя боюнча УКМК башчысы Камчыбек Ташиев сурак берип чыккан.
2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына быйыл 12 жыл болот. Расмий маалыматтар боюнча, бул каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жаракат алган.
57 адам дайынсыз жоголуп, 19у бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.
Камчыбек Ташиев сурактан чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берди