Путин Украинадагы кырдаалга сырттан кийлигишкендер дароо жооп аларын айтты

Россия лидери белгилегендей, стратегиялык коркунучтарга жооп берүү үчүн “азыр эч ким мактана албаган” бардык инструменттер РФте бар.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Эгер сырттан кимдир бирөө Украинадагы кырдаалга кийлигишүүнү чечип стратегиялык коркунучтарды жарата баштаса, чагылгандай тез жооп алат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Мыйзам чыгаруучулардын кеңешинде сүйлөп жатып айтканын РИА Новости кабарлады.
"Бул үчүн бизде бардык куралдар бар, азыр андай куралдары менен эч ким мактана албайт. Биз керек болсо аларды колдонобуз. Бул тууралуу бардыгы билишин каалайм", — деди Путин.
24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштаган. Владимир Путин баса белгилегендей, анын максаты “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо”.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы биолабораториялар. Ушу таптагы абалы кандай?